Өлкөнү күчтүү жана жоопкерчиликтүү бийлик системасы гана өргө тартат

0
662

Улукбек Кочкоров президенттик шайлоого аттануусунун себептери, жоопкерчиликсиз бийлик системасынан улам түзүлүп калган кыйын кырдаалдан чыгуу, өлкөнү өнүктүрүү жолдору тууралуу кенен-кесири чечмелеп берди.

 

-Улукбек мырза, президенттик шайлоого баруу чечимин кандайча кабыл алып калдыңыз?

Эгемендикалганы мамлекетибизде эки жолу ыңкылап болсо да элдин ишеними акталган жок. Бийлик башындагылар алмашканы менен 25 жыл ичинде калыптанган коррупциялык схемалар жоюлбай, мамлекеттин, элдин байлыгын талап-тономой уланууда.Социалдык маселелер чечилбей, жумушсуздук мурдагыдай эле күч.

Ушундай учурда мен өлкөбүздөгү абалга кайдыгер карап, тынч отура албадым. Мамлекеттин тагдыры чечилүүчү учурда жогоруда айткан абалды жөнгө сала турган талапкер көрө алган жокмун. Ошондон улам буга чейинки алган билимимди, мамлекеттик кызматтарда иштеп топтогон тажрыйбамды элимдин кызыкчылыгы үчүн колдонуу максатында президенттик таймашка чыгууну чечтим.

Өзгөчө 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин бийликке келгендерге элибиз карт-бланш берди.“Каалаганыңарды жасагыла, мамлекеттик башкаруу системасын өз билгениңердей түзгүлө, эң негизгиси — элдин жашоосун туура нукка салып, жакшы шарттарды түзүп берсеңер болду”- дегендей толук ишеним арткан. Тилекке каршы эл ишеними акталбай, өлкөбүздөжоопкерчиликсиз бийлик системасы орноду. Бийликтин булагы эл деп канча айтпайлы, элдин бийликтеги өкүлчүлүк институту иштебей калды. Мамлекеттик башкарууга жалаң  гана акчалуулар, коррупционер, криминалдык топтун мүчөлөрү, же соодагерлер келип, кыргыздын “ток бала ачбала менен ойнобойт”,- деген накылындай эл менен чатагы жок болуп калды.Өздөрү билгендей бизнестерин жүргүзүп, эл менен алардын кызыкчылыктары дал келбей, азыркы учурда бийлик менен элдин ортосунда болуп көрбөгөндөй ажырым пайда болду деп айтсак болот.

Ошондон улам биз мамлекеттин башкаруу системасын, түзүлүшүн туура жолго салбасак, мамлекетибизди жоготуп коюу коркунучу бар деп эсептейм. Бул коркутуу эмес, ачуу чындык. Мына бүгүн элибиздин бийликтен көңүлү калды, ишеними кетти. “Кимиси болсо ошонусу болсун, баары эле бирдей турбайбы, эч кимиси өлкөнү оңдобойт экен, бизге тынчылык эле болсо болду”,- деген кайдыгерлик пайда болду. Бул абдан кооптуу жагдай. Анткени мына ушул мамлекеттик түзүлүш менен, мына ушул башкаруу системасы менен, ушул саясий элита менен кете берсек, өлкө тагдырын жоопкерчиликсиз бийлик өкүлдөрүнүн колуна салып бере берсек, абалыбыз оорлошо берет. Ошондуктан өлкөнү туура жолго салышыбыз керек.

-Ал кандай туура жол?

Ал мамлекеттик бийлик, мамлекеттик башкаруу системасы толугу менен элге кызмат кыла турган, Кыргызстанды күчтүү жана кадыр-барктуу өлкөгө айланта алган жол. Азыр тилекке каршы эч ким элге иштеген жери жок, элди уккан адам жок.  Нааразылык, сын көз карашын айтыпчыккандар куугунтукка кабылууда.Саясий кысым, адилетсиз сот процесстери болуп жатат.Элге чындык жетип калбасын деген максатта айрым ММКларды жабуу жараяндары жүрүүдө.

Биз сунуштаган туура жолдо мамлекеттик ресурстар, мамлекеттик байлык элдин кызыкчылыгында иштеш керек. Кыргызстан бай, бардар өлкөлөрдүн катарына кошулуусуна толук мүмкүнчүлүгү бар. Канчалаганкен байлыктарыбыз элдин кызыкчылыгы үчүн иштебей жатат. Коррупция тамыр жайып кеткен. Жөнөкөй сөз менен айтсак, коррупция төрөтканадан башталып, андан ары бала бакча, мектептерде жана башка мекемелерде уланып кете берет. Бир класста элүүгө чейин бала окуган учурлар бар. Норматив боюнча 25-27 баладан ашпаш керек. Баланы мектепке берүүдө коррупциялык жол менен акча берип орноштуруу ачык эле көрүнүш. Мына ушуга окшогон нерселер болбош керек.

Конситуциябызда медицина, билим берүү мамлекет тарабынан кепилденгени менен бизде эч кандай бекер медицина да, бекер билим берүү да жок. Тоокен тармагында лицензиялар экинчи, үчүнчү колго эбегейсиз чоң акчаларга сатылып, анын күнүн бир ууч топ гана көрүүдө. Иши кылса каякты карабайлы, коррупцияга тушалып калган. Ушунун бардыгы туура эмес системанын айынан. Биз эл үчүн иштеген, элдин жашоосун жакшырта турган саясатка өтүшүбүз керек.

-Кыргызстан 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин парламенттик башкарууга өткөн. Бирок иш жүзүндө канчалык деңгээлде парламенттик башкарууга өтө алды, азыр чынында кандай башкарууда деп айтсак болот?

Биз парламенттик мамлекет курдук дегенибиз менен чынында иш жүзүндө кайра эле президенттик башкаруудакалдык.Парламентке өз кызыкчылыгын өйдө койгон капчыктуулар толуп алды, арасында ошол эле коррупционерлер, криминалдык топтун мүчөлөрү да жок эмес. Парламент институту алсызданып, өз функциясын аткара албай, бир адам тарабынан башкарылып калды. Муну менен акыркы 4-5 жыл аралыгында бийлик толук президенттин колуна өттү десек болот.  Мурдагыдай эле бир ууч топ өлкөнү каалагандай калчоодо. Жоопкерсиз бийлик системасы орноду. Президенттин  ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө эч бир жерде каралган эмес.  Парламент да, эл да баа бере албайт. Саясатты президент аныктап жүргүзүп жатса, демек жоопкерчиликти да өз мойнуна алышы керек.

Бизде соңку 25 жылда Роза Отунбаеваны эске албаганда үч президент өз билгениндей башкарды.Бирок жүргүзгөн саясатынажоопкерчилик албастан, баарын өкмөт башчысына шылтап, кыйчалыш кырдаал түзүлсө өкмөттү садага чаап келатышат. Буга акыркы 26 жылда 30 жолу өкмөт алмашуусу далил.

Биз сунуштап жаткан форма боюнча, президент өзү башкаруу, аткаруу бийлигинин башчысы болуп, толук жоопкерчиликти алууга тийиш. Премьер-министр болбойт. Экинчиден, президент алты жылда туура эмес жолго түшүп кетпеши үчүн эл өкүлчүлүгү — Элдик курултай институту киргизилиши керек. Жогорку Соттун төрагасы, башкы прокурор,Эсеп палатасынын, Улуттук банктын башчылары жана бардык министрлер жыл сайын, президент эки жылда бир курултай алдында отчёт берип турат. Отчёту жактырылбаган субъект ошол жерден жумуштан кетиш керек. Эгерде курултай президентке ишеним көрсөтпөсө, анда жаңы шайлоо жарыяланат. Президент өкмөт курамын өзү аныктап, бийлик жоопкерчилигин өзүнө алат жана таза, акыйкат саясат жүргүзүүгө аргасыз болот.

-Демек сиз сунуштаган программада кайра эле президенттик башкаруу каралган турбайбы?

Ооба, президенттик башкаруу. Бирок Элдик курултай президентке ишеним көрсөтпөй коё алат. Мунуэлдик бийлик деп койсок болот. Президенттик формада президент эң башында турса, биз сунуштап жаткан программадапрезиденттин жана өкмөттүн бардык мүчөлөрүнүн тагдыры ар бир региондон шайланып келген эл өкүлдөрүнүн колунда болот. Мына ушундай жол менен күчтүү жана жоопкерчиликтүү аткаруу бийлигин түзө алабыз.

— Беш-алты жыл мурда “Биз адамды эмес, системаны алмаштырабыз” деген саясатчылар азыр өздөрү ошол системанын курмандыгына айланып калганын көрүп жатабыз. Жогоруда айткандай, кайра эле бийликтеги бир ууч топ каалагандай калчоодо. Бирок сиз айтып жаткан Элдик курултайдын функциялары негизинен Жогорку Кеңешке тиешелүү эмеспи. Анда парламенттин орду кандай болот?

Азыркы конституцияда бийликтин мүмкүнчүлүктөрү каралганы менен  жоопкерчилиги каралбай калган. Депутат эч кимдин алдында жооп бербейт. Парламентке элдин чыныгы өкүлдөрү эмес, партияларга акча салып, орундарды сатып алгандар келип жатат. Алардын эл алдында эч кандай жоопкерчилиги, элде аларды чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү да жок. Жана алар эч бир округга байланган эмес, бирок укуктары конституция менен кепилденген. Ошондуктан парламент жоопкерсиз. Мындан улам өкмөт ошол бир ууч топтун кызыкчылыктары менен түзүлүп жатат. Министрликке күчтүү, иш билги эмес, ошол топко кызмат кылчу ыңгайлуу кишилер келүүдө.

Биз сунуштап жаткан Элдик курултай парламенттин эле жогорку палатасы деп койсок болот. Бүт өлкө аймагындагы 10миң шайлоочудан бирден өкүл шайланып, бир жылда эки жолу сессияга чогулушат, туруктуу иштебейт. Жогорку Кеңеш 35 гана депутаттан туруп, бир мандаттуу 35 округдан шайланып келет. Муну ылдыйкы палата деп койсок болот, бул эми баягы эле эки палаталуу парламентке окшош система. Мунун бир өзгөчөлүгү бюджет үчүн да кыйла үнөм болот. Маселен, мен деле өткөн чакырылышта депутат болгондо көрдүм, көбүнчө 120 депутаттын жарымы гана иш ордунда болсо, жарымы каякта жүргөнү белгисиз. Алардын баарына иш бөлмө, кызматтык унаа, жардамчы, консультант, айдоочу каралган. Ушунун баарына бюджеттен каражат кетип жатпайбы. Бирок парламенттин ишинин натыйжасы, абалы кандай экенин азыр баарыбыз көрүп турабыз.

Анда сиз сунуштаган программада партиялык система болбойбу?

Партиялык система болгону ылдыйкы палатага иштейт.Жогоруда айткан 35 округдан партиялар өз талапкерлерин көрсөтөт. Кайсы партиянын өкүлү утса депутат болот. Эгер жакшы иштебесе эл аны кайра чакыртып ала алат жана ордун кийинки орунду алган талапкерге – башка партиянын өкүлүнө бошотуп берет. Ошондо партиялардын эл алдында жоопкерчилиги болот. Бул ар бир депутат эл менен тыгыз байланышта болуп, элдин маселелерин чечүүгө, күнү-түнү тынбай иштөөгө айласыз дегендик.

Жыйынтыктап айтканда, биз мамлекеттик түзүлүштү жана системаны толугу менен алмаштырып, эң негизгиси жоопкерчиликти киргизишибиз зарыл. Азыр эл арасында “эскилерден, баягылардан тажадык, ушулар кетсе болот эле” дегендер толтура.  Биринчи президентибизди кетирдик эле, аны тегеректеп жүргөн баягы эле коррупционерлер экинчи президентти айланчыктап, ошол системаны толугу менен сактап калышты. Андан кийин деле ошол көрүнүш кайталанды. Эскилерден толугу менен арылмайын, люстрация болмойун алга жылбашыбызды элибиз деле түшүнүп калды. Мамлекетти талап-тоноп, элге кыянаттык кылгандарды сүрүп салганыбызда гана өлкөбүздө өзгөрүү жана өнүгүү болот. Ошого азыр эң ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.  Азыркы шайлоодо да бийликти самаган, байлыкты самаган адамдар кайра эле колунда бийлиги бар, акчасы бар эки топтун тегерегине топтолуп жатканын көрүп турабыз. Ушул топторду шайлоодон сүрүп салуу менен гана биз алардан арыла алабыз.

Ошого эл даярбы?

Элибиз ошол нерсени аңдап түшүнүүгө, кызыл кулак, алдамчы соодагерлердин 5-6 сомуна, куру убадаларына азгырылбай, келечек үчүн туура тандоо жүргүзүүгө убакыт келди. Саясатчылар элге ар кандай убадаларды айта берип, бирок аны аткарбай койгондон улам азыр элдин бийликке карата ишеними эң төмөнкү деңгээлге жетти.Айрымдар шайлоо сайын электр энергиясы 20-30 тыйын болуш керек, 7 пайыздык насыя беребиз деп чыгышат. Кана ошол баа? Ошондой убада бергендер парламентке келди, өкмөттү башкарды, бирок ошол убадасын канчалык аткарды? Ошол эле адамдаразыр да шайлоого бара жатышат. Андыктан элибиз да ошол эски саясатчылардын, баягылардын баскан жолуна саресеп салып, жыйынтык чыгарыш керек. Кыргызстан үчүн маанилүү маселелер каралып жатканда, Үзөңгү-Кууш, Каркыра сыяктуу жерлерибиз кетип жатканда кандай позицияда болгонуна карашыбыз керек.  Мен парламентте Кумтөргө окшогон маанилүү маселелерди козгогондо сатып алуу аракети, ага көнбөсөң ар кандай басым-кысымдар болорун көрдүм. Ошондой учурларга туруштук берип, өз абийирин, жүзүн сактап кала алганбы?Анткени учурунда мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргой албаган саясатчынын азыр “президент болом” деп чыкканга акысы жок. Бай болсо таза байыганбы, же бирөөнүн мүлкүн күч менен тартып алганбы? Мурда ээлеген кызматтарында кандай иштеген, эң бийик кызматтарда турганда колундагы мүмкүнчүлүктү кандай пайдаланган? Элибиз ушундай суроолорго жооп издеп, ар бир талапкердин баскан жолун, тарых-таржымалын карап чыгышы, анализдеши шарт.

Тилекке каршы, айрым олигархиялык топтор акыркы жылдары эл канчалык жакыр, канчалык караңгы болсо аларды сатып алуу да, башкаруу да ошончолук оңой деген тымызын программаны ишке ашырып келе жатат. Өткөн шайлоолордо анын жыйынтыгын көрдүк, элдин көбү арзыбаган акчага добушун сатты. “Эл, коом кандай болсо ошондой башкаруучу берилет”, — деп айтылат Мухаммед (С.А.В.) пайгамбарыбыздын хадистеринде. Исламда гана эмес, башка диндерде деле ушундай насааттар бар. Кыргыз элибиздеда “Бузулган элге бучуктан бий”, — деген нуска бар. Демек элибиз ушул нерсени аңдап түшүнүүгө, өз добушу өлкө келечеги үчүн канчалык маанилүү экенин сезүүгө убакыт жетти.

Сиз бир канча жыл коопсуздук кызматында иштегенсиз. Азыр Кыргызстан үчүн кооптуу делген кандай жагдайлар бар?

Эң негизги кооптуу жагдай — коррупция. Бийликтин алсыздыгы,кадр саясатындагы катачылык, олигархиялык же кылмыштуу топтордун бийликке келип калышы да олуттуу коркунуч катары саналат. Улуттук коопсуздук кызматында иштеп жүргөндө бизнесмен, же мамлекеттик ишмердик сапаты жок, мамлекетчил эмес адамдардын бийлик башына келүүсүн да негизги коркунуч катары карачубуз. Андай адамдар мамлекетке кандай зыян келерин карабастан өз кызыкчылыктарын ишке ашырат. Алар мамлекеттин кызыкчылыгын коргой албайт жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурган жагдайларды аныктай албайт. Тилекке каршы бизде азыр бизнесмендер жана соодагерлерден куралган, жоопкерчиликсиз бийлик системасы куралып калганын баарыбыз көрүп турабыз. Бул азырынча анча  байкалбаганы менен ушинтип кете берсек жакынкы 10-15 жылда өлкөбүз үчүн өтө олуттуу проблемаларды алып келиши мүмкүн.

Эң эле жөнөкөй мисал, министр болуп бара жаткан адам парламентте өкмөт канча министрликтен турары, же колунда иштеген жөнөкөй мугалим канча айлык алары тууралуу суроолорго жооп бере албай, тил-ооздон калып турганын көрүп жатпайбызбы. Ушундай жөнөкөй нерселерди билбеген адамдар азыр министр болуп отурат. Мындай шартта мамлекет туура багытта өнүгүшү мүмкүн эмес…

А коррупция деген балакет туш тарабыбыздан тушап алды. Жыл сайын бажы тармагынан жүз миллиондогон акчалар, энергетикадан 7 миллиарддай сом бир ууч адамдардын чөнтөгүнө түшүүдө, тонналаган алтындар сыртка чыгып кетип жатат. Канча алтын кетип жатканын эч ким билбейт. Башка кен байлыктарыбыз да арзан баада сатылып, пайда-зыянынын эсеби жок. Ушунун баары коррупциянын тамырлап кетишинин натыйжасы…

Кудай буюруп, сиз президент болуп калсаңыз ишти эмнеден баштайсыз?

Эгер Жараткан насип кылып, калдайган калың журтум колдоп берсе эң биринчи ишти тазалануудан баштайм. Коррупцияга аралашпаган жана кызматка келгенде коррупцияга малынбай турган адамдарды алып келүүгө киришебиз. Туура кадр саясатын жүргүзүү жана кызматка татыктуу адамдарды алып келүү менен гана түз жолго түшө алабыз.

 

Өзгөрүүнү өзүңдөн башта, же балык башынан сасыйт дейт. Ошондуктан эң биринчи бийлик башында турган адам өзү таза болушу шарт. Ошондо кол астындагылар да таза болот. Ошондо гана жогоруда сөз кылган коррупцияны жеңүүгө жана калган маселелерди чечүүгө, эл мүдөөсүн ишке ашырууга шарт түзүлөт. Өлкөдө эң башкысы – тазалык, калыстык жана акыйкаттык орношу керек.

Суроо жибериниз

Please enter your comment!
Please enter your name here