Улукбек Кочкоров тил сынагынан ийгиликтүү өттү

0
600

Бүгүн, 2-августта Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, президенттик шайлоого аттанып жаткан Улукбек Кочкоров кыргыз тили боюнча сынактан 92 балл алды.

—  Лексика, грамматика, жазуу боюнча 100 балл, окуп-түшүнүп тапшырма аткаруу боюнча да 100 балл жана угуп, тапшырмаларды аткарууда 80 балл алдым. Угуп тапшырмаларды аткаруу көбүнчө эс тутумга багытталган экен, бирок андан бир аз күмөнүм бар. Себеби мен 90 баллдан кем болбош керек деп ойлогом. Сүйлөө тестинде мен өзүмдүн саясий программамды айтып бердим. Жалпылап айтканда 92 балл алдым. Жаман эмес, бул жыйынтыкка канааттанып турам, — деди Улукбек Кочкоров сынактан чыккандан кийин.

Кыргыз тили боюнча сынактын жыйынтыгында Улукбек Кочкоровго “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин B2 деңгээлинде билет” деген сертификат тапшырылды.

2-августта жалпысынан 3 талапкер: Кубан Чороев, Турсунбек Акун жана Улукбек Кочкоров тил сынагынан өттү. Бул күнү экинчи кезекте сынак тапшырчу талапкер Анвар Сартаев президенттикке талапкерлигин коюудан баш тарткандыгына байланыштуу тестирлөөгө келген жок.

Тил сынагы 26-июлда башталып, азырга чейин жалпысынан президент болгусу келген 59 жарандын 18и өттү.

Мамлекеттик тил сынагынан өтүү  — президенттикке талапкерлерди каттоодогу негизги үч талаптын бири. Президенттик шайлоого ат салышмакчы болгондор мындан тышкары кеминде 30 миң шайлоочунун колун топтоп, миллион сом күрөө төгүшү керек. Ошондон соң гана БШК аларды талапкерликке каттоого киришет.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт.

Суроо жибериниз

Please enter your comment!
Please enter your name here