Улукбек Кочкоров президенттик шайлоого аттанды

0
601

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Жаңы доор» партиясынын тең төрагасы Улукбек Кочкоров президенттик шайлоого талапкерлигин каттоо үчүн арыз бергенин Борбордук шайлоо комиссиясынан бүгүн ырасташты. Маалыматка караганда, ал өз талапкерлигин өзү көрсөткөн.

Улукбек Кочкоров азыр 43 жашта, Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышында “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

Ушуну менен президенттик шайлоого талапкерлигин каттоо үчүн БШКга кайрылгандардын саны жыйырмага жетти.

Буга чейин бул жогорку кызмат үчүн шайлоого 16 жаран өзүн-өзү көрсөтсө (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р. Карасартова, Т. Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев), дагы үч адамдын талапкерлигин саясий партиялар көрсөткөн (Т.Сариев — «Ак шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Т. Акун – «Адам укугу» саясий партиясы).

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрга белгиленген. БШК ага талапкер болугусу келгендердин арызын 1-августка чейин кабыл алат.

Суроо жибериниз

Please enter your comment!
Please enter your name here