Биография

Улукбек Кочкоров – саясий жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты («Ата-Журт» партиясы). Депутат кезинде экономика жана фискалдык саясат боюнча парламент комитетинде төрага орун басары болгон. Азыр «Жаңы доор» саясий партиясынын төрагасы. Быйылкы президенттик шайлоого ат салышканы жаткан саясатчылардын эң жашы.

Өмүр таржымалы

1974-жылдын 24-июнунда Баткендин Кара-Бак айылында туулган. Атасы Тойчубай Кочкоров кесиби боюнча инженер. Көп жыл Баткен райондук айыл чарба башкармалыгында башкы инженер болуп иштеп, балдарын эмгекти сүйүүгө, принципиалдуулукка жана дайыма акыйкат, калыс болууга тарбиялап келген.

Апасы Багниса Абдиламитова бир канча жыл Баткендеги «Сельхозтехника» бирикмесинде эсепчи болуп иштеген. Ал да балдарын сезимтал, күйүмдүү болуп, кошуна-колоң менен колунда жокторго дайыма кол сунуп турууга үндөп тарбиялады.

Улукбек Кочкоров мектепте жакшы гана окубастан спорттук мелдештер менен мектептин коомдук турмушуна активдүү аралашып чоңойду. Волейбол боюнча райондун курама командасына да кирген.

1991-жылы орто мектепти аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине тапшырып, студенттик жылдарында ынтызар жана зиректиги менен айырмаланып жүрдү. Университеттин коомдук турмушуна да жигердүү аралашып, кайрымдуулук акцияларына катышып турду.

Билими

1995-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «финансы жана кредит» адистиги боюнча ийгиликтүү аяктаган.

1997-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы жогорку курсунан окуган.

2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук уинверситетинен “укук таануу” адситиги боюнча экинчи жогорку билимге ээ болгон.

2001-жылы Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын Академиясынан квалификацияны жогорулатуу боюнча курсунан өткөн.

Карьера

Университетти ийгиликтүү аяктаган соң Бишкектеги Свердлов райондук финансы бөлүмүндө бюджет боюнча жетектөөчү адистик менен эмгек жолун баштаган. Андан көп узабай ошол эле 1995-жылдан иш тажрыйбасын Финансы жана экономика министрлигинде улантып, ал жерде АПК жана айыл чарба бөлүмдөрүндө жетектөөчү адис болуп иштеген.

1997-жылы иштеги жакшы көрсөткүчтөрү жана мыкты ишмердик сапатынан улам Улуттук коопсуздук органына кызматка чакырылган. Бул мекемеде өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоо линиясы боюнча иштеп, кичи оперуполномочендиктен башкармалыктын жетекчилигине чейинки жолду басып өттү. Бул аралыкта бийликтин жогорку эшелондорундагы ондогон түрдүү коррупциялык схемаларды ачууга жетишти. Ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн миллиард сомдон ашык материалдык чыгымга алып келчү иштерге бөгөт коюлган. Ишиндеги мыкты көрсөткүчтөрү үчүн бул мекеменин бир катар медал, орден жана башка сыйлыктарына татыган.

2009-2010-жылдары Салык жана төлөмдөр боюнча Мамлекеттик комитетте башкармалыктын жетекчиси болуп иштеп, салык органдарына салык төлөөдөн  кыйгап өткөндөрдү аныктоону бардык салык төлөөчүлөрдү текшербей туруп эле ишке ашыруу тажрыйбасын киргизген. Жогорку уюштуруучулук жана башкаруучулук сапаттардан улам Улукбек Кочкоров башкармалыктын ишинин натыйжалуулугун арттырууга жетишкен: салык төлөөчүлөрдү текшерүү 4 эсе кыскарып, төлөнбөй калган салыктардын өлчөмүн аныктоо 500 пайызга өскөн.

2011-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутаттыкка шайланып (“Ата-Журт” партиясы), экономика жана фискалдык саясат боюнча парламент комитетинин төрагасынын орун басары болгон, кийинчерээк “Ата-Журт” фракциясынын жетекчисинин милдетин да аткарып турган.

Депутат кезинде 30 чакты мыйзам актыларынын демилгечиси жана автору болгон. Чек арадагы конуштардын проблемаларын чечүүгө активдүү катышып, чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча мыйзамды жана мамлекеттик программаны иштеп чыгуунун демилгечилеринин бири. Муну менен чек ара аймактарында социалдык объекттердин, улуттук коопсуздукту камсыздоого багытталган альтернативдүү жолдордун курулушуна жетишкен.

Ишиндеги ийгиликтери, кесипкөйлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жана Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары, КМШ парламент аралык ассамблеясынын медалы менен сыйланган. Кыргызстандын салык кызматынын мыктысы, УКМКнын, Финансы, Коргоо министрликтеринин, Бажы кызматынын, Мамлекеттик телерадиокомитеттин жана башка коомдук уюмдардын ардак грамоталары менен сыйлыктарына татыган.

Мамлекеттик кызматтын Мамлекеттик кеңешчи класстык чинине ээ.

2011-2015-жылдарда 20дан ашуун республикалык маалымат каражаттарында «Жылдын адамы», «Жылдын патриоту», «Жылдын депутаты» наамдарына татыган. Баткен облусунун чек арада жайгашкан бир катар стратегиялык айыл өкмөттөрүнүн ардактуу атуулу.

2017-жылдын январынан бери «Жаңы доор» саясий партиясынын төрагасы.

Үй-бүлөлүү, беш баланы тарбиялоодо. Жубайы Шайыргүл Латипова Улуттук госпиталда врач-невропатолог.